Энергочиновник К.Мурзакматов мыйзамсыз жабдыктарды сатып алгандыгы үчүн экинчи жолу камакка алынды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 3-ноябрь күнү "НЭСК" (Кыргызстандын улуттук электр тармагы) ААКсынын башкы директорунун орун басары К.Мурзакматов кармалып, Биринчи Май райондук соту аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ага мыйзамсыз трансформатор орнотуу боюнча айып тагылууда. К.Мурзакматов "Селара" аттуу фирма аркылуу өз ишканасына жогорку баада эскилиги жеткен 1980-1990-жылкы трансформаторлорду сатып алган. Мунун айынан мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келгендиги айтылууда. Аны менен бирге бул окуяга катыштыгы бар деген айып менен "Селара" фирмасынын жетекчиси С.Закиров да камакка алынды. Эске салсак, К.Мурзакматов жыл башында 3 ай УКМКнын абагында отуруп чыккан. Анда ага "мыйзамсыз жолдор менен электр эсептегич жабдууларды сатып алган" деген күнөө коюлуп, ишканага 5,2 миллион сом зыян келтирген деп айтылган. Учурда сот процесси уланууда.         
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан