Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо боюнча макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 24-июнунда Сауд Арабиясы Падышалыгынын Жидда шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Документке ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн  макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан