Ырчы Гүлзат Батырканова каза болду

Белгилүү ырчы Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан каза болду. Ырчы 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып жол кырсыгына кабылган.
Маалыматка караганда, Гүлзат Батырканова жолдошу менен бара жаткан унааны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзгөн. Кырсыктан ырчынын күйөөсүнүн моюну сынып ооруканада жатканын маркумдун тууганы Арстанбек Абдыманов билдирди. Гүлзат Батырканованын сөөгү эртең Кызыл-Дыйкан айылына коюлат.
Г.Батырканова - КРнын Эл артисти Шахра Талипованын кызы. 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" өңдүү бир катар ырлардын аткаруучусу. 
Акыркы мезгилде телеканалдардын бириндеги “Сармерден” шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жүргөн.   
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу ырчысы Гүлзат Батырканованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. 
(Интервью 2013-жылдын октябрь айында алынган) "Апамды Бишкекке алып келе албай убарабыз" дейт Гүлзат Батырканова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (132)
nur16
2015-01-05 13:13:46
аллахым оз мээримине болосун
0
Aksy-13
2015-01-05 13:22:23
Гулзат жайын жаннаттан болсун. Эч ишене албай атамда. Бугунку сармерденден коробуз эми.Жаны жылдагы бардык программалардан кордум эл
е,. Жаркылдап башкача элен
+3
tavsan
2015-01-05 15:07:37
Jatkan jeri jailuu topuragy torko bolsun! Okunuchtuu
0
Toguzbay
2015-01-05 15:51:30
Жаткан жериниз жайлуу болсун эже, Кудайым сизге Бейишинен орун берген болсун!!! Жакындарына кааларым сабырдуулук, калган омурун сиздерге берсин, кайрат кылгыла, арты кайырлуу болсун!!! (((
0
Azmari
2015-01-05 15:58:51
Iwene alvai turam. Jatkan jeri jailuu bolsun. Balasy menen kyzyna ele jaman boluptur...
0
bakit-bosteri
2015-01-05 16:25:17
Эх жаны эле КТРК дан "Сармерденди" коруп атып,интернеттен окуп ишене албай атабыз,укмуш мыкты эжеке эле,жонокой, кулуп-жайнап, мандайы жарык,жаткан жери жайлуу болсун,бугун барбыз, эртен жокпуз деген ушул экен да!!!Шахра эжебизге жакындарына сабыр берсин.Жаркын элеси ар дайым Кыргыз элибиздин элесинде,журогундо болот!!!
0
damirbek.seiil
2015-01-05 16:28:20
Менинда жакшы коргон ырчым болчу каап жаратканым озу бейиштен орун берсин кетирген катаа кунолорун кечире гор жаткан жери жайлуу болсун ишенип ишенбей зорго ишендим жаркырап сахнадан чыга калса екен жалган маалымат таратыптыр деп.ээххх жашоо ушул турбайбы.
0
erika8982
2015-01-05 17:20:53
Жаны эле Сармерден коруп аткам да интернеттен окуп алып аябай шок болдум жаткан жери жайлуу болуп , калган омурун балдарына берсин.Жакшы адамдын омуру кыска болот деген чын экен, жакындарына сабыр берсин. Кандай гана окунучтуу адам баласы бугун конок ,эртен жомок ушул экен да ,тируулукто сыйлашалы.
0
nusichka
2015-01-05 17:55:25
Аябай жакшы инсан эле, жаткан жери жайлуу болсун, чынында бул эжебизге элдин козу тийди окшойт. кече гана Сармерден корсотуусунон коргон элек.
0
4ok4oloi
2015-01-06 00:05:48
жаткан жери жайлуу болсун эжебиздин кулгону эле бир сонун болчу:(((((((((((((
0
azimova90
2015-01-06 05:19:14
Ушу убакка чейин ишене албай турам.
0
nurba90
2015-01-07 02:54:22
Ошондуктан кечиримдуу болойлу Кыргызым биз бул жашоонун коногубуз!Эртенки кун кандай болот эч ким билбейт.жаткан жери жайлуу болсун!
0
altynbek_canto
2015-01-07 12:13:48
Ажал айтып келбейт дейт. Бул эжебиз шайыр кесибин суйгон мыкты айымдардын бири болчу,кайсыл жерде болбосун дайыма кулуп бироого жамандыгы жок ак конул эже эле, жаткан жери жайлуу болсун кудайы бул эжеге бараар жерин бейиштен берсин.
0
rita77
2015-01-08 15:28:21
Эх чиркин жашоо,арман дуйно, Гулзат эже жаткан жериниз жайлуу болсун, ушунчалык журогум ооруп кайгырып жатам жараткан Алламан суранаарым бейиштен орун берсин!
0
Anisaydan
2015-01-10 06:30:56
Жаткан жери жайлуу болсун... Аттиң арман дүнүйө...(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан