Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2-январда Бишкек шаарындагы №6-клиникалык ооруканада, №4-төрөт үйүндө жана Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясында болду. №6-клиникалык ооруканада вице-премьер жамаат, мекемеде дарылануудан өтүп жаткан жарандар менен жолугушту. Ооруканада бейтаптар үчүн орун жетишсиздигин, оорулуулар кезек күтүп же коридорго жатууга аргасыз болуп жатканын белгилеген Ниязалиева: "Ушул эле учурда 100 орунга ылайыкташкан коңшу имарат ижарага берилип кеткен. Бул маселе боюнча парламенттин, Башкы прокуратуранын жана мэриянын чечими бар. Бул көйгөйдү тезинен чечүү - өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Көптөгөн ооруканалар менен клиникаларда азыр орун жок, анткени Бишкектин медициналык мекемелери 500 миң адамга ылайыкташкан. Акыркы жылдары шаардыктардын саны 1 миллион адамдан ашты, бирок ооруканадагы орундар ошол бойдон калды",- деп билдирди.
№4-төрөт үйүнө барган өкмөт өкүлү мекемеде жогорку технологиядагы жабдуулар жок экенин, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жатуучу керебеттер жоктугун белгиледи.