Сокулук районунда оор кылмышка шектүүлөр кармалды

Ушул жылдын 24-октябрында Сокулук районунун айылдарынын биринен күч колдонуп өлтүрүлгөн 1978-жылы туулган К.Е. аттуу адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерде Сокулук РИИБи иликтөө жүргүзүп, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда окуяга шектүү адам белгилүү болуп, жакында Сокулук районунун жашоочулары 1983-жылы туулган Л.С., 1957-жылы туулган Г.А. жана 1985-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, каргаша пикир келишпестиктин айынан келип чыккан. Сабалгандан кийин үйүндө кароосуз жатып калган К.Е. эки күндөн кийин каза болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери уланууда.       
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан