Сокулук РИИБи тарабынан 1998-жылы туулган Абдымалик уулу Асылбекке издөө салынат. 14 жаштагы өспүрүм үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Жаңы-Жер айылында №48-кесиптик лицейден танаписке чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Өзгөчө белгилери: Бою 150 сантиметр, чачы жана көзү кара, арык келген жана бетинде сепкилдери бар. Ал күнү үстүнө күрөң спорттук костюм, бутуна кара кроссовка кийген болчу. Асылбекти көрүп-билгендер болсо, Сокулук РИИБине же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз: 03134 5-33-80, 0552 19-51-19, 0554 49-25-28, 0707 32-0737.