Аламүдүн районунда аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө
4-ноябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында белгисиз айдоочу 50-55 жаштардагы аялды сүзүп качып кеткен. Кырсыктан жабыркаган азиат улутундагы белгисиз аял ошол жерден каза болгон. Учурда укук коргоо органдары окуяга байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.