Депутаттар Аида Салянованын эмне себептен кызматтан кетип жатканына кызыгышты

Жогорку Кеңеш 21-январда башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат. Жыйында депутат Нарынбек Молдобаев А.Салянова эмне себептен кызматтан кетип жатканына кызыгып, президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды. "Башкы прокурор өзү жыйынга келе албаганы өкүнүчтүү. Ал эми президент мындан мурун Салянованы кызматтан кетпейт деп жаткан болчу, эмнеге кайра кызматтан алып жатат? Буга эмне себеп болууда?"- деп суроо берди депутат. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев кызматтан кетүү Салянованын жеке чечими болгонун билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан