"Башкы прокурор Аида Салянова парламентке келип, өз оозу менен жооп бербесе, добуш бербейбиз",- деп билдирди депутат
Өмүрбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында. Айрым депутаттар кесиптештерин президент
Алмазбек Атамбаев кайрылып жаткандан кийин башкы прокурорду кызматтан алууга макулдук берүүгө чакырышты.
Депутат Ташполот Балтабаев эл өкүлдөрүн Салянованы кызматтан кетирүүгө "каршы" добуш берүүгө чакырды. "Эмнеге биз дайыма эле жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз? Келип, алдыбызда жооп берсин. Кечээ эле "президенттикке татыктуу" деп жаткан адамды каралап, унчукпай макулдук беришибиз керекпи? Салянованын кызматтан кетишине макулдук бербешибиз керек. Дагы иштесин",- деди Балтабаев.