Жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн так белгилөө демилгеси 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңеште бир катар мыйзамдардагы жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечинин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралган, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам мыйзамдар 14 жумушчу күндүк мөөнөт менен шайкеш келтирилүүдө. Бул мөөнөт жарандардын кайрылууларына жооп берүү мезгилин эки эсе тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошону менен бирге жарандардын кайрылууларына жооп берүү тартибин бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги да каралууда.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан