Дамира Ниязалиева: "Өлкөдө тамеки чегүү, кальян тартуу эмес, спорт менен машыгуу мода болушу керек"

"Бүгүнкү күндө тамеки чегүү, кальян тартуу эмес, спорт менен машыгуу, дени сак болуу мода болушу керек". Мындай пикирин КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева бүгүн, 21-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйынында билдирди. 
"Жаштарыбызды ичимдик ичүү, кальян чегүүдөн алаксытышыбыз керек. Мунун кесепетинен катталган өлүмдөрдүн саны аз эмес. Ошондой эле биздин коомдо зордук-зомбулук күч алып жатат. Мунун баарын токтотууга, азайтууга спорт аркылуу салым кошсок болот. Биз калкты сергек жашоого жетелешибиз керек. Бул түздөн-түз биздин милдет",- деп кошумчалады Д.Ниязалиева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан