Мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирчү мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Жогорку Кеңеш 21-январда мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 2-окууда добуш берүүгө жиберди. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Талкууда депутат Курманбек Осмонов мамлекеттик кызматчыларга болгон квалификациялык талаптарга "мамлекеттик тилди билиши керек" деп жөнөкөйлөштүрүп жазууну сунуштаса, депутат Каныбек Иманалиев мындай толуктоо кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү болорун айтты.