"Ала-Букада атышуудан жаракат алган өзбек жаранын өлүп калбасын деп өздөрүнө өткөрүп бердик" дейт Чек ара кызматынын башчысы

"Ала-Бука районундагы атышуудан жаракат алган өзбек жаранын өлүп калбасын деп кайра өткөрүп берип салдык",- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев. Бул тууралуу башкы чек арачы Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Жаракат алган өзбек жаранына Өзбекстан бийлиги тиешелүү чара колдонууга убада бергени айтылды. “Ала-Бука районунун "Көк-Серек" чек ара тозотунда 18-январда 3 өзбек жараны Кыргызстандын аймагына аңчылык кылууга өтүп келишкен. Биздин Чек ара кызматы аларга артка кайтууга буйрук бергенде, тилекке каршы, ок чыгарышкан. Натыйжада бир өзбек жараны жаракат алган, экөөсү өзбек чек арачыларынын жардамы менен качып кетишкен. Кийин жаракат алган жаранды өлүп калбасын деп өткөрүп бердик. Алар чара колдонууга убада кылышты. Учурда иликтөө жүрүп жатат”,- деди Дүйшөнбиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан