"Аида Салянова отставкага кетсе, коррупция менен күрөштү ким аягына чыгарат?" дейт депутат Балтабаев

Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев "Ата Мекен" фракциясы башкы прокурор Аида Салянованын отставкага кетишин колдобой турганын билдирди. Депутат башкы прокурор кызматтан кетсе, өлкөдө коррупция менен күрөшүүгө таасири тиет деп эсептейт. "Коррупция менен күрөшөбүз десек, анда башкы прокурорду кетирбешибиз керек. Биз фракцияда карап, анын кызматтан кетишине каршы добуш берүү чечимине келдик. Ал кызматтан алынса, коррупция менен күрөштү ким улантат да, ким жыйынтыктайт? Кечээ эле кыргыздын Кыз Сайкалы деп макталып жүргөн айымдын парламентке келип отчёт бербей кетип калышы, мындайча айтканда, качып кетиши туура эмес",- деди Балтабаев. 
Жыйында башкы прокурорду кызматтан алууга депутаттардын көпчүлүк добушу менен макулдук берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан