Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев баяндама жасады.
Демилге чек ара чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну аныктоого, андагы мамлекеттик органдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так жана даана көрсөтүүгө багытталган.
Документте чек араны аныктоо жана чек арага чектеш жайгашкан аймактарда өткөрүү жайларында чек ара пункуттарын кармап туруу боюнча жалпы базалык маселелер аныкталган.
Чек ара кызматынын башчысы чек ара жөнүндө Кыргызстанда мыйзам 1999-жылы кабыл алынып, андан бери 3-4 жолу толуктоо киргизилгенин айтып, жаңы мыйзам керектигин кошумчалады. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү демилгени 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.