Нарын. “Баткен коогалаңынын ардагерлер союзу” коомдук уюму ажого ачык кат жөнөттү. “Нарын облустук Баткен коогалаңынын ардагерлер союзу” коомдук уюму Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге жана КРнын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге жетинчи жолу ачык катын жөнөттү. Бул катта төмөндөгү негизги талаптар камтылган.
1. 1996-жылкы согуштун куралдуу күчтөрүнүн жана тылдагы эмгектенгендердин мыйзамына өзгөртүү киргизүү.
2. 26-октябрь Баткенде курман болгондорду эскерүү күнү деп календардык күн катары бекитип берүү.
3. 1999-2000-жылкы курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө, ата-энесине чектелген 1000 сом өлчөмүндөгү сумманы карап, көбөйтүп берүү.
4. Баткен коогалаңынын катышуучуларын социалдык жактан коргой турган тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу маселелери.