Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.