Фуджейра эмираты Кыргызстан менен энергетика, туризм тармагында кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди бекемдөө планынын алкагында 21-январда Кыргызстандын аталган өлкөдөгү башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен Фуджейра эмиратынын ханзаадасы, шейх Мухаммад Бин Намад Мухаммад аль-Шарки жолугушту. Маалыматты бүгүн, 23-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 
Жолугушууда консул сунушталган долбоордук пландар менен таанышуу үчүн БАЭнин энергетика министри баштаган эмираттык делегациянын Кыргызстанга келишине тийиштүү маселелер тууралуу маалымат берди. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу да сөз болду. 

Шейх Мухаммад Бин Намад Мухаммад аль-Шарки эмират Кыргызстан менен энергетика, туризм тармагында кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан