Кыргызстанда бир катар райондук соттун судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан маалымдашты. Төмөнкү судьялардын иштөө мөөнөттөрү узартылды:
Абылбек Алжанов 2015-жылдын 1-февралынан баштап Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун төрагасы катары ишин улантат;
Койчубек Жобонов 2015-жылдын 10-февралынан баштап Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы катары ишин улантат.
Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.