Кезектеги арзандоо: Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40 сомго түштү

Кыргызстанда бензиндин баалары төмөндөө үстүндө. 23-январга карата Бишкек шаарындагы унаага май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 44 сом 80 тыйын, АИ-92 40 сом 30 тыйын, АИ-80 32 сом, дизель майы 33 сом болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45 сом, АИ-92 41 сом 40 тыйын, АИ-80 33 сом, дизель майы 34 сом 50 тыйындан сатылууда.
Мындан эки күн мурун (21-январда) баалар төмөнкүдөй эле:
АИ-95 - 45 сом 90 тыйын 
АИ-92 - 41 сом 50 тыйын 
АИ-80 - 33 сом 40 тыйын 
дизель майы - 34 сом 90 тыйын 
Айрым май куюучу жайларда:
АИ-95 - 46 сом 
АИ-92 - 42 сом 40 тыйын
АИ-80 - 34 сом 
дизель майы - 35 сом 50 тыйын. 
Айрым айдоочулар баалары арзандаганы менен, бензиндин сапаты шек жаратып жатканын айтышууда. Бул маселе 22-январда Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар бензиндин сапатын тешерүү үчүн комиссия түзүүнү демилгелешти. Айта кетсек, өлкөдөгү бензиндин азыркы баалары 1,5-2 ай мурункуга салыштырмалуу дээрлик 10 сомго (1 литрине) арзандады. Мисалы, 2014-жылдын декабрь айында АИ-92нин баасы 49 сом 90 тыйын болчу.  
Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы: "Бул быйылкы жылдын январь айындагы төртүнчү арзандатуу. Бензин баалары 7,4 сомдон 10,4 сомго чейин же 13 пайыздан 23 пайызга чейин арзандады. Дизель майынын баасы 9 сомго төмөндөдү же былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу 5,5 сомго арзан",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан