Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 23-январдагы жыйынында коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Ал үчүн Салык кодексине, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, "КРнын жарандарынын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев салык салуу чылым чегүүнү азайтуунун механизмдеринин бири экенин айтты. "Салык кодексине 2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздин базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталууда. Андан сырткары 2015-жылдан тарта жөнөкөй белгиленген ставкага өтүү демилгеси көтөрүлүп жатат",- деди Бекешев.