Элчи Кылычбек Султанов Малайзиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Быйылкы жылдын 17-январында Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы дайындалган элчиси Кылычбек Султанов Малайзияда жашап жаткан мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуу жайылган дасторкон үстүндө жылуу маанайда өтүп, анда кеңири пикир алмашуу орун алды. Мекендештер күнүмдүк турмуштары тууралуу маалымат берип, мекенибиздин жаркын келечеги үчүн колдорунан келген жардамдарын берүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле алар эки өлкөнүн жетекчилерине мамлекеттер арасында визасыз каттоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык айтышты жана эки мамлекеттин ортосунда түз авиакаттам ачылса деген ойлорун ортого салышты.

К.Султанов өз кезегинде алыскы өлкөдө түтүн булатып, тажрыйба топтоп жана билим алып жаткан мекендештерди көрүп жатканына кубанычта экенин айтып, аларга өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп жатышканы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жаңы элчи эки элдин мамилелеринин мындан ары өркүндөшүнө, мекендештерибизге ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө бардык күчүн жумшаарын убада кылды. Малайзиядагы кыргызстандыктардын суранычы боюнча, ич ара ынтымакты бекемдөө жана өркүндөтүү максатында элчи К.Султанов менен диаспора активисттери мындай жолугушууларды маданий иш-чаралардын коштоосунда көбүрөөк өткөрүп турууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан