Ошто мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Юстиция башкармалыгы жыйын өткөрдү

Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгында Кыргызстандын "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамынын алкагында юридикалык жардам берүүгө укуктуу адвокаттар менен семинар болуп өттү. Муну бүгүн, 23-январда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында адвокаттар Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча 2014-жылдын 12 айында алып барган иштери тууралуу маалымат беришти. Аталган мыйзамды аткарууда келип чыккан көйгөйлөр боюнча адвокаттар өз сунуштарын айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан