“Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам “Жарнак жөнүндө” КРнын мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Келишимдин 61-беренесине ылайык, катышуучу-мамлекеттер катышуучу-мамлекеттердин жарандарынын кызыкчылыктарын чарба субъекттеринин ак ниет эмес ишмердигинен коргоо үчүн бирдей шарттарды калыптандырууга багытталган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясат жүргүзүшөт.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен кошо күчүнө кирет.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан