Жолугушууда мугалимдер алардын эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө токтом кабыл алып бергени үчүн парламентке ыраазычылык билдиришти. Депутаттын айтымында, мугалимдер маяналарынын аздыгы пенсия өлчөмүнө да терс таасирин тийгизерин айтышып, токтомдун аткарылышын тездетүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары мектептерде пайдаланылган окуу китептери менен көрсөтмө куралдардын сапатынын начардыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Алтыбаева мугалимдердин маянасын жогорулатууга тийиштүү токтомдун ишке ашышын көзөмөлгө алууга сөз берди.