Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сауд Арабиянын падышасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 23-январда Сауд Арабиянын Бишкектеги элчисинин резиденциясына барып, Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауддун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Резиденцияга барган учурунда министр Абдылдаев көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды. Анда араб элине жана падышанын үй-бүлөсүнө кайрат айтылат. Мындан тышкары маркум падышанын Сауд Арабиянын гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан