Экономика министри Темир Сариев 23-январда Бетти Уилкинсон башында турган Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушту. Министр аталган банк тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор өзүнүн аягына толук чыкканы жана максатына жетиши менен айырмаланып турарын билдирди. Өкүлдөрдү мындан ары да жергиликтүү жана борбордук деңгээлде мамлекеттик потенциалды көтөрүүгө көмөктөшүүгө чакырды . Уилкинсон мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары кыргыз өкмөтү, анын ичинде Экономика министрлиги чоң иштерди жасаганын айтты.