Алмазбек Атамбаевдин атынан Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө жаңы батирлер берилди

Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун мүчөлөрүнө жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу салтанатына катышты. Данияр Нарымбаев өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаевдин атынан коомдун мүчөлөрүн жаңы конушу менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узак өмүр каалады.

“Сиздер турмуштун катаал сыноосуна туруштук берип, кыйынчылыкта такшалып, өзүңүздөргө, үй-бүлөңүздөргө, ал тургай өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Сиздердин мындай эркиңиздерден, кайратыңыздардан жарандарыбыз үлгү алса болот”,- деди Нарымбаев.

Президенттик аппараттын башчысы Азиздер жана дүлөйлөр коому дээрлик 80 жылдын аралыгында мүчөлөрүн коргоонун бүтүндөй системин түзгөнүн белгиледи. “Мамлекетибиз кыйын учурду баштан кечирип жатканда сиздердин уюм чыныгы мекенчилдикти, кажыбаган кайратты көрсөттү. Сиздер мурдагы социалдык өндүрүш инфраструктурасын толук сактап калууга жетиштиңиздер. Сиздердин коом ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын көйгөйлөрүн чечүүдө массалуу уюмга айланып, социалдык зор милдетти аткарды”,- деди ал.

Нарымбаев коомдун ишмердиги аркасында миңдеген адамдарга жумуш берилип, айлык төлөнүп, эң негизгиси жашоого үмүт берип тургандыгын белгиледи. “Албетте, мындай керектүү жана масштабдуу иш терең урматтоого татыктуу. Сиздердин уюм мамлекеттин жардамы менен социалдык турак жай курууга өзгөчө көңүл буруп жатат. 2008-жылдан бери мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкектин 6-кичи районунда жана Көк-Жар кичи районунда 45 батирлүү 9 кабаттуу 3 үй, Ошто 5 кабаттуу 45 батирлүү турак үй, Жалал-Абадда 5 кабаттуу 40 батирлүү үй курулду. Мына эми 90 батирлүү турак жай пайдаланууга берилип жатат. Үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсептегенде дээрлик 300 адам жаңы конуштан жай алып жатат”,- деди Нарымбаев.

Данияр Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун президенти Калык Мамбетакуновго көп батирлүү үйдүн символикалуу ачкычын, ошондой эле балдар аянтчасынын курулушуна 400 000 сомдук сертификат тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан