Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Сайдулла Нышанов, Гүласал Садырбаева, Бакыт Калмаматов бүгүн, 24-январда Ысык-Көл облусунда "Ысык-Көл демилгелери" аттуу курултайга катышты. Уюштуруучулардын бири Өкмөтбек Алмакүчүковдун айтымында, дүйнөдө түрдүү окуялар болуп жаткан маалда Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бекемдөө максатында Ысык-Көл районунун жаштары мындай иш-чара өткөрүүнү демилгелеп чыгышкан.
Текебаев ааламдашуу доорунда дүйнө жүзүндө ар кандай кооптуу жагдайлар түзүлүп жатканын, 2014-жыл Кыргызстанда "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы" деп бекеринен жарыяланбаганын белгиледи. "Мындай шарттарда Ысык-Көлдүн жаштары тарабынан чыгып жаткан жогорудагыдай демилге Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн келечегин түптөйт. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жаңы этабы башталды",- дейт Текебаев.
Депутат Болот Шер мындай демилгени колдоо менен бирге 1842-жылдагы курултай өткөрүп, кыргыз элинин эгемендүүлүгүн камсыздоого кам көргөн ата-бабалардын ишин татыктуу баалоо боюнча бир катар сунуштарын берди.
Фракциянын катчылыгы билдиргендей, тарыхчы Табылды Акеров аталган курултайдын тарыхый мааниси тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү керектигин айтса, экс-министр Акылбек Жапаров экономикалык көз карандысыздык маселелери боюнча ойлорун айтты.
Жыйынтыгында "Ысык-Көл демилгелери" иш-чарасынын декларациясы жарыяланды. Анда эгемендүүлүктү чыңдоо жаатында кыргызстандыктар дүйнөлүк билим мейкиндигине интеграцияланышы, эмгек мигранттарына туруктуу колдоо көрсөтүү, башка өлкөлөрдөн алынган тажрыйбалар, пайдалар өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнүн багытталышы сындуу маселелер бар. Айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен жер-жерлерде бул демилгени колдоо боюнча курултайларды өткөрүү белгиленди.