Бүгүн, 24-январда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкек эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) 3 жаңы имараттын салтанаттуу ачылышына катышты. Сарпашев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши Бишкек ЭЭАсы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
"Бишкек ЭЭАнын али пайдаланыла элек потенциалы бар. Кыргызстандын Бажы союзуна кириши ЭЭАнын алдына ири рынокту ачат, бул ошол эле учурда ЭЭА үчүн чакырык жана сыноо. Анткени товарлардын сапатына болгон талап тынымсыз өсүүдө, атаандаштык күчөйт",- деди Сарпашев.
Иш-чарага парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жана башкалар катышышты.