Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан каза тапкан аялдын өздүгү такталбай жатат
Бул тууралуу бизге Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында саат 21:00дөр чамасында Бишкек-Торугарт автожолунун 33-чакырымында, Красная Речка айылында Мерседес-Бенц автоунаасынын айдоочусу жөө жүрүүчү аялды коюп кеткен. Айдоочу Түмөнбаев Улан, Кемин районунун Карабулак айылынын тургуну. Кайтыш болгон айымдын жаш курагы 40-45 жашта деп болжолдонууда. Бою 160-170 сантиметр. Үстундө күрөң түстөгү куртка, кара свитер, кийгени кара шым болгон. Жогоруда сүрөттөлгөн айым жөнүндө маалыматка ээ болсоңуздар төмөнкү телефондор аркылуу кабар берип коюуңуздарды суранабыз: 0(3132) 5-21-47, 0(559) 52-56-52.