Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиянын Федералдык Кеңешинин депутаттары Анатолий Лисицын жана Константин Косачев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди. Жолугушууда тараптар Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кыргыз-орус парламенттеринин ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Орусияга болчу расмий иш сапарынын мөөнөтү тууралуу пикир алышты. ЕАЭС тууралуу пикир айткан Косачев уюмда миграция маселеси негизги тема болушу керектигин белгилеп: "Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары биринчи кезекте абалдын жакшырганын жана позитивдүү маанайды байкашы керек",- деп билдирди.
Жыйынтыгында тараптар байланышты үзбөй кызматташууну макулдашышты.