Креслого "жабышып", араң чыккандар

2005-жылдын февраль айында өткөн парламенттик шайлоодон кийин ошол кезде президент болуп турган Аскар Акаевдин режимине каршы күрөш от алып, 15 жыл бою эң жогорку мамлекеттик бийликти мыкчып турган туңгуч ажо өз мекенинен куулуп чыккан. Аскар Акаевдин 15 жылдык президенттигинин тушунда бүтүндөй мамлекеттин байлыгы бир үй-бүлөнүн жана алардын жакындарынын жыргалчылыгына жумшалып, анын кесепетинен өлкөнүн экономикалык абалы жылдан-жылга начарлап, коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өскөн. Калктын нааразычылыгы революцияга чейин бышып жеткенине карабай Аскар Акаев кызматын өткөрүп берүү тууралуу ооз ачпай жүрүп, президенттиктен отставкага кеткен арызын тээ Москвадан жазып берген эле.

Андан кийин мамлекет башчылыкка келген Курманбек Бакиев да элдин үнү менен эсептешпей, атүгүл кызыл канга колун чылаганга чейин барган президент болуп чыкты. 2009-жылы болуп өткөн шайлоодо экинчи жолу президент болуп шайланган Курманбек Бакиевдин кресло үчүн кандуу күрөшкө да даяр экенин 2010-жылдагы Апрель окуясы ачык көрсөттү. 

2010-жылдан берки тарыхта креслого "жабышкан" аткаминерлерден Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Ахматбек Келдибековду көрсөтүүгө болот. Ошол кезде спикерге каршы Жогорку Кеңеште бир жыл бою канчалык чоң нааразычылыктар айтылбасын, анын баары суу кечпей жүргөн эле. Ахматбек Келдибековдун кылмыштуу чөйрөнүн төбөлү Камчы Көлбаев менен чогуу Жаңы жылды тоскондугу тиешелүү органдар тарабынан тастыкталгандан кийин гана төрагалык креслодон жылмышып түшүүгө аргасыз болгон.  

Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп дайындалганда эле "пенсионерлердин өкмөтү келди" деп атыгып, анын өкмөт башчылыгы башынан аягына чейин сын-пикирлер менен коштолду. Сатыбалдиевдин биринчи чалынуусу 2013-жылдын апрель айында "кримтөбөл" Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, оор кылмышы үчүн соттолгонуна карабай соттордон кечирим алып, «өлгөнү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан чыгып кетүүсү болду. 

Экинчи чоң маселе – «Кумтөр». Тагыраагы, аталган долбоор боюнча соңку макулдашууну түзүүдө өкмөттүн Жогорку Кеңештин талабын аткара албагандыгы. Кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын биргелешкен ишкана түзүп, ал ишканада Кыргызстан 67 пайыздык үлүшкө эмес, 50 пайыздык үлүшкө гана ээ болуп калышында Жантөрө Сатыбалдиев чоң роль ойноду. 

Үчүнчү чоң түйүн премьердин мурунку иштерине келип такалат. Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иштерин депутаттык комиссия иликтей келгенде, бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталган. Башкача айтканда, эл өкүлдөрү эки шаарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллиард сомдун изин таппай коюшкан. 

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри болуп турган Камила Талиеванын креслого болгон “сүйүүсүн” ага карата жарыяланган бойкоттор да, маданият ишмерлеринин өкүрүгү да өчүрө албады. Арты-артынан жааган кескин сын-пикирлердин айынан да Камила Талиева отставкага кетүү боюнча арыз жазууга көнбөдү. Акыры “Ар-намыс” фракциясы чакыртып алууга аргасыз болду.  

Ал эми саламаттыкты сактоо министри болуп турган Динара Сагынбаеванын дарегине үч жылдан ашуун убакыттын ичинде эмне деген гана олуттуу айыптар айтылбады?! «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, «эки-үч күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткени билингенде эле Динара Сагынбаеванын отставкасын талап кылып чыгышкан. Анткени кылмышкерге «ден соолугу начар, аз күндүк өмүрү калды» деген аныктаманы медкомиссия берип, судья ошол жыйынтыктын негизинде оор кылмышка айыпталып камалган Батукаевди бошоткон. 2014-жылдын башында Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынан чыгып, Боом капчыгайында МАИ кызматкерлерин ит аткандай атып салган Заур Магомедовдун окуясында кайрадан Д.Сагынбаеваны кызматтан кетирүү керектиги парламентте чоң талкууну жараткан. Мындай шалаакылыкты көзөмөлдөбөгөндүгүнө карабай ал кайрадан суудан кургак чыккан. Төрөт үйлөрүндө орун алган оор кылмыштарды санап бүтүү кыйын. Коомчулуктун катуу нааразычылыгын, кескин сынын жараткан окуяларга карабастан, Динара Сагынбаева креслодон жылбай жүрүп отуруп, акыры анын отставкага берген арызы президент тарабынан ошол күнү эле кол коюлушуна жеткирди.

Булардын катарына энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кошууга болот. Аталган тармакты жөндөп жетектеп кете албай, электр энергиясын кымбаттатуу үчүн аракет кылды. Бирок бул жогорулатуу абалдан чыгуу жолу болгон жок. 3 фазалуу абоненттерди 1 фазага өткөрүү, үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга атайын уруксаты барларды чектөө, айтор, кыргызстандыктар үчүн “чектөөлөрдүн маалы” келе жаткан болчу. Өлкө башчысы мындай чечимдерди кескин сынга алып, “чектөөлөр, өчүрүүлөр менен биз Кыргызстанды таш дооруна сүйрөйбүз, башка жолун табуу керек” деп чыкты. Осмонбек Артыкбаев президенттин кескин сынына кабылгандан кийин гана министрликтин башчысы кызматтан кетүүгө аргасыз болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан