Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Панфилов көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен аталган жайдын жыгач устундуу, ондулин жабылган 380 чарчы метр чатыры, пластик менен капталган дубалы жана 2 унаа жуучу аппарат толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.