Кыргызстанда 4 мамлекеттик органдын статс-катчысы кызматына сынак жарыяланып, кабыл алынган документтер учурда каралууда. Алар: Тышкы иштер министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги. Мамлекеттик кадр кызматынан 5-февралда билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн 46 адам документ тапшырган.
Тышкы иштер министрлигинин статс-катчылыгына 5 адам;
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчылыгына 17 адам;
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчылыгына 17 адам;
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчылыгына 7 адам талапкерлигин сунуштаган жана документтер 2015-жылдын 28-январына чейин кабыл алынган.
"Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин кароосунан кийин сынакка катышууга 43 талапкерге уруксат берилген. Талапкерлер сынактын 5 этабын басып өтүшү керек",- деп билдирет мекеме.