Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 5-февралда Москва шаарына учуп кетти. Өкмөт жетекчиси Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кеңеш жыйынынын алкагында премьер Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов жана Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушмакчы.