Депутаттар Казакстанда кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн 400 вагонду өткөрүү маселесин өкмөт тезинен чечиши керектигин айтышты

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери макулдашканына карабастан, Орусиядан алынып келе жаткан 400 вагондогу күйүүчү май азыркыга чейин Казакстандын чек арасында өткөрүлбөй турат. Бул көрүнүш Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Муну депутат Абдимуктар Маматов Жогорку Кеӊештин 5-февралдагы жыйынында билдирди.

"Алдыда жазгы талаа иштери турат. Айыл чарба тармагына жеңилдиктерди берели деп жатабыз. Өкмөт күйүүчү майдын жөн-жайын, аны кармоо себептерин иликтеп чыгып, Казакстандын аймагында турган вагондорду өткөрүү маселесин тезинен чечүүгө тийиш. Бул боюнча өкмөт аракет кылбай жатат",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан