Алмазбек Атамбаев тоо кендерин иштетүү тармагы өлкөдө айлык, пенсияларды көтөрүүгө таасир этерин айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-февралда өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчыга агенттиктин директору өлкөнүн жер казына объектилерин пайдаланууга укук тартуулаган лицензияларды берүү процесстеринин ачыктыгын арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев тоо кендерин иштетүү тармагын өнүктүрүү жана өнөр жай объектилерин ишке киргизүүнүн маанисине токтолуп, бул тармактар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөрүн, ал өз кезегинде пенсия менен жөлөк пулдарды көтөрүүгө, өлкөнүн жарандарынын айлык акыларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Президент Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин күчөтүп, потенциалдуу инвесторлор менен тыгыз кызматташып, ошондой эле коррупцияга каршы ишмердикти активдештирүүгө тийиш экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан