Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу токтом кабыл алды

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында өкмөттүн 2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулду. 

Талкууда эл өкүлдөрү жеке чарбаларды ирилештирүү зарылдыгы, механизациялаштырылган техникалык станцияларды түзүү чараларын колго алуу, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн түшүрбөө максатында жерди которуштуруп айдоо зарылдыгы жана сугат сууларынын жетишсиздиги маалында тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңири жайылтуу сыяктуу сунуштарды айтышты.

Соңунда жазгы талаачылык жумуштарына даярдык боюнча айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты. Депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, 2015-жылдын 1-кварталында ирригациялык системдерди оңдоп-түзөөнү 1-кезекте каржылоо, үрөн чарбаларынын ишин уюштуруу, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан