“Ош шаары Сирияга айланып кетти” деген маалыматтар келип жатат”,- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев 6-февралда коалициялык көпчүлүктүн жыйынында. Жыйында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча күч түзүмдөрүнүн иштеринин жүрүшү тууралуу маселе талкууланып жатат.
“Сирияда "Ислам мамлекети" тобу түзүлүп, өтө кооптуу жагдай түзүлдү. Ал жерде Кыргызстандан 500, Өзбекстандан 2500, Казакстандан 2500, Тажикстандан 1000дей жаран катышып жатканы айтылууда. Бул бүтүндөй армия. Бул “өз күчүң менен өкүм орнотсоң болот” деген сөз. Былтыр Кыргызстанда 3800 адам өлтүрүлүптүр. Адам өлтүрүү жылдан-жылга жайылып жатат. Жакында Ош аэропортунан ишкердин 5,6 миллион долларын уурдап, кармалышты. Муну спорттук клубдун балдары жасады делип жатат. Мындай кылмышты, спорттук клубдун балдары жасабайт. Аларды колдогондор өкмөттө, парламентте, милицияда, прокуратурада отурушат. Бул мафия. Бул карактоого аэропорттун жетекчиси аралаштыбы, аны да текшериш керек эле. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, саясий партиялар катышып жатса, эртең парламентке ошолор келди дегенди билдирет”,- деди Текебаев.