"Кылмышты көпчүлүк учурда студенттер жасап жатышат" деди ички иштер министри

ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев: "Бишкекте күнүнө 80ге жакын кылмыш катталып жатат. Алардын көпчүлүгүн студенттер жасашууда",- деп билдирди парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында. 
Арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар экенин кошумчалап: "Мал уурдоо, акча тоноо фактылары менен кармалгандар көп. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү студент балдар. Териштире келгенде айрым студенттер кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп чыгып жатышат. Алардын кээ бири жылына 2 жолу кылмышка аралашып, кармалышса, айрымдары биринчи жолу аралашкандар. Бул эми жумушсуздуктун айынан да болуп жатат",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан