"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү маалыматтык-байланыш борборун ишке киргизди, номери - 1929. Транспорт жана коммуникация министрлигинен 6-февралда билдиришкендей, мындан тышкары мекемеде 61-52-94 номуру аркылуу ишеним телефону иштеп жатат. Максаты - акысыз чалуу жана кайрылууларды кабыл алуу аркылуу жарандар менен ишкананын байланышын бекемдөө. Жарандар аталган номурларга чалуу менен же мекеме жетекчисине түз жолугуу аркылуу көйгөйүн айта алышат. Мекеме жетекчиси Таалайбек Эшалиев шейшемби күндөрү саат 16:00-18:00гө чейин жарандарды жекече кабыл алары айтылды.