Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министри Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы келишимдер жакында ишке ашырыларын билдирди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу планынын алкагында 4-февралда Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер мамлекеттик министри Анвар Мухаммед Гаргаш жолугушту.  
Өмүралиев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин БАЭге биринчи иш сапарын уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн аталган департаментке ыраазычылык билдирди. Кыргыз-эмират тарыхындагы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапар эки тараптуу мамилени бекемдөөнүн жаңы барактарын ачканын белгиледи.  
Гаргаш былтыркы жыл кыргыз-эмират мамилелери үчүн жемиштүү болгонун билдирип, Кыргызстандын президентинин БАЭге келишинде кол коюлган 8 макулдашуу өлкөлөр ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болорун айтты. Аталган келишимдер жакында ишке ашырылып, өзүнүн алгачкы жыйынтыгын берерин кошумчалады. 
Башкы консул инвестициялык мүмкүнчүлүгү менен таанышуу үчүн БАЭнин ишкерлер делегациясы Кыргызстанга барууну пландап жатканын маалымдаганын КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 
 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан