Тата Улан Дагарага
00:03:48
Жүктөлгөн: 03-10-2014
03:48
3.47 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (25)
Alisher
2014-10-04 14:53:41
En jaksi maaniluu.Allah razi bolsun...
+1
bais88
2014-10-04 20:44:55
жаксы унады олен жаксы екен
+1
kymaw
2014-10-05 00:10:14
алгаа тата улан чыгармачылык ийгилик
+1
klassap4ik
2014-10-05 03:00:36
класс! Соонун чёткиий .) болуптур
+1
naz_aika87
2014-10-05 13:31:03
Ураттуу супер инфо сиздерден отунуч non stop группасынын ырларында жуктоп берсениздер? Алдын ала чоон рахма. Сени суйуп бир озуно ашыкмын- деген кайрыктары бар эле бир ырында, ошол абдан жагат.
-3
admin_media
2014-10-06 11:24:38
0
german89
2014-10-05 20:15:49
молодец соз жок ушундай ырлардан кобурок жазып тур ))))))
+1
kandaisyn
2014-10-06 08:16:28
ото бетке айткыч мырза, жасалмасы жок.
+1
adilet_3234
2014-10-06 10:54:27
Ачуу чындык
+1
Araika
2014-11-04 10:30:39
Ассалааму алейкум.Текстинде таасирлуу создор бар. Ушул байкенин создору мени хиджаб кийуумо себеп болгон. Жанагы бир ыры бар го хиджаб кийген бир кыргыз кызы коргойт биздин намысты. Деген ошол ырын укканда абдан таасирленгем. Рахмат сизге Улан байке жеткендерге жетет ырларыныз...
0
kona_bmw
2014-11-08 01:19:23
Аааа кучтуу кучтуу доске))))
0
Bermet_Kasymova
2014-12-10 12:41:04
Сонун++++++!!!
0
Bermet_Kasymova
2014-12-10 12:54:13
Эмне учун "Дагарага"?
0
arema
2015-02-16 22:56:50
ыр абдан жакты
0
asel.bahtierova
2015-02-28 11:47:00
Азаматсыз Улан байке мага ырларыныз абдан жагат, сиз чындыкты ган ырдайсыз дагы ырларды коп чыгара берин.
0
Taalay_x007
2016-04-13 12:09:01
Тата улан Сага мындай ырлар жарашбайт сен чындыкты айтып ырдашын керек айтайын дегеним Болотурган ырларды ырда
0
Тата Улан "Дагарага"
Кайырма:
Бум дагарага,жүлүнүңдү жулкуп
Ким капа кылса, баарын кечип унутуп
Мен бара-бара, жүлүнүңдү жулкуп
Сөз менен кытыгылап,үн дүрбөтүп

Эс алам деп кыялданып
Обонумду койсоң
Андан көрө жездекеңдин
Кулагынан чойсоң
Бул добуштар жан дүйнөңө
Кирип алып калчайт
Тамшантып бир калыпта
Калыптанып тымбайт
Ыргагыма башың менен
Жай-жай калча
Бутуң менен дал келтирип
Обонумду тапта
Бул ырымды көп укпагын
Сага деги жетишет
Калчылдаган абалыңда
Ала качып кетет

Кайырма:

Ии кандай экен музыка
Даң-даң, дуң деп
Кара жорго бийлебесең
Тыңдап тургун ийкеп
Убакыттан пайдаланып
Үйрөтөйүн деп чечтим
Ачуу сөздү айтчу болсом
Алдын ала кечиргин
Эмне мынча көп чегесиң
Түнү чардап ичесиң
Жашоо деген кыска нерсе
Эртең эле кетесиң
Мас болгондо эмне кызык
Кимге жагат кебетең
Терең-терең ойлон досум
Сен алданып жүрөсүң

Кайырма:

Мейли анда тажатпайын
Эмне кылсаң ошо кыл
Жаман нерсе каалабаймын
Өз жашооңду өзүң кур
Бийкечтерден чоң саламды
Түз басканга узатам
Кыргыз кыздар намыстуу деп
Аз болсо да мактанам
Азгырылба кир нерсеге
Уят кылбай бекем тур
Түз узасаң тез жетесиң
Бул сөздөрдү эстей жүр
Ассаляму уа алейкум
Өзгөчө бир чоң салам
Хиджаб кийген карындашка
Ыйманыңа суктанам

Кайырма:

Оңдон солго, солдон оңго
Даңкылдаган добулбас
Жеңилирээк ыр жазганга
Күйөрманым таарынбас
Баары бирдей сүйлөшкөнсүп
Ырларымды коюшпайт
Бирөө айтат Кудай дедиң
Бирөө айтат саясат
Элге жазган ырларыма
Тыюу салды "не формат"
Инш Алла баарын жеңебиз
Баратабыз көбөйүп
Болду эми токтотоюн
Даңкылдактын чеги бар
Жагып калса сага белек
Каалаганча угуп ал
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан