Тата Улан Эркиндик
00:04:52
Жүктөлгөн: 10-04-2015
04:52
5.55 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (27)
dastan_nookat
2015-04-11 18:32:33
Тата Улан азаматсыз!!!
0
akylbek.kg
2015-04-12 17:47:56
his songs are always very very very good,Эркек.
0
afina.aman
2015-04-12 18:16:26
Алга демекбиз
0
Azamatik819
2015-04-13 01:59:44
Жакшы ыр экен
0
Baktiyar_saparov
2015-04-13 12:36:17
Мыкты ыр экен Алга Кыргызстааан:)
0
ularik_kg
2015-04-13 14:15:42
Мага жакпады бул ыр
+1
admin_media
2015-04-13 14:39:32
ularik_kg,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат менен жооп берилди.
0
Sam91
2015-04-13 15:22:36
эн мыкты!
0
Nuraza
2015-04-17 16:39:04
чындык айтылган дастан го тимеле
0
admin_media
2015-04-23 11:43:47
kazemir,
Башка колдонуучуну мазактоого жол берилбейт! Эскертүү!
0
Lenovo97
2015-07-25 23:48:31
Мааниси ото терен жана таамай айтылган создор
0
doni82
2015-09-16 20:24:17
чындыкты ырдайт молодец ушундай ырлардан дагы кобууроок чыгар
0
doni82
2015-09-16 20:25:01
кайра кайра угуп атам
0
kubinez
2016-02-18 15:18:22
Азыркы жашообуздун Ачуу чындыгы...
0
boss79
2019-01-25 02:50:51
Даана айтылган ыр +++++5
0
Тата Улан "Эркиндик"
Эркиндиктин чеги бар,
Эбин билсең ченеп ал.
Эркиндик деп калп айтып,
Бузукулук ою бар.

Жердин жүзүн бир түздөп,
Ээлеп алчу жери бар.
Эркиң бербес болсоң сен,
Согуш аччу жери бар.

Маңкурт болуп кыйралсаң,
Эркиндик деп макташат.
Улут болуп жоголсоң,
Аны баары каалашат.

Чет өлкөдөн угабыз:
“Эркин болбой калыпсыз”.
Күлмүңдөшүп күлүшөт,
Бизди жапайы көрүшөт.

Вери, вери, вери, гуд,
Жинди болбой бизди ук.
Мына сага акча деп,
Биздин ишти жакта деп,
Бизде баары жакшы деп,
Көздү карап алдашат.
Укмуш жашоо келет деп,
Калп айтышып макташат.

Вери, вери, вери, гуд,
Кулак салып, мени ук.
Биз жапайы эмеспиз,
Эркиндигиң керексиз.

Андай болсо төмөндө,
Эркин сүйлөп айтайын.
Ийне-жибин чечмелеп,
Мен кыргызча баштайын.

Эркиндик деп кыйкыртып,
Элдин оюн алдыңар.
Эркиндик деп бакыртып,
Кара жолго салдыңар.

Чачырады араба,
Ээн-эркин талаада.
Хандарыбыз кан кечип,
Тоноп качты сандалып.

Партиялар жайнады,
Жаргылчактан айдады.
Талкалады талкандай,
Бири-бирине чалкандай.
Парламент деп шайлашып,
Аралары жеп-жутар.
Жыйынтыгын ким көрдү,
Кимде жашоо өзгөрдү?

Мына ошол талаада,
Жыйырма жылдай жатабыз.
Эркиндиктин айынан,
Жоголгонго барабыз.
Үй-бүлөңдүн ичине,
Сойлоп кирди эркиндик.
Жаңжал салып, кас кылып,
Жайлап кирди эркиндик.

Аял менен эркекти,
Тирештирди эркиндик.
Күчтүү менен алсызды,
Тытыштырды эркиндик.

Гендер, гендер теңдиги,
Долуларың “Мен!” деди.
Эмансипе дедирди,
Үйдүн кутун кетирди.

Тоокканада тооктор,
Короз болом дегендей.
Короз болсо тукум тууп,
Жөжө бассын дегендей.

Балаң жүрөт соттошуп,
Укугуна жармашып.
Инисинин үйүнөн,
Теңин бөлүп алам деп.

Кызың жарым жылаңач,
Көзүң кантип уялбайт?!
Эркиндиктин айынан,
Өз атасы тыя албайт.

Эркиндикти үйүңө,
Кучак жайып киргиздиң.
Карылардын үйүндө,
Жашап калсаң түңүлбө.

“Көгүштөрдү” көбөйтүп,
Укуктарын коргошуп.
Эки эркек сүйдү деп,
Үйлөндүрүп коюшуп.

Эркин жүргөн айбандар,
Мындай кылбайт эч качан.
Акылы жок макулук,
Бийик болду адамдан.

Эркиндиктин артынан,
Ыймансыздык жашынган.
Шайтан кейпин кийишип,
Эки жүздү жамынган.

Мына сага эркиндик,
Жаман ишти ак деген.
Мына сага эркиндик,
Арамдарды кайф деген.

Үйрөтчүлөр силерби,
Эркиндикти кыргызга?
Кылымдарды карыткан,
Ташка жазган кыргызга.

Кыргыз болсо чечмелейт,
Эрк адамдын ичинде.
Пейилинде, дилинде,
Мээнет кылган дининде.

Себеби бул эркиндик,
Адам менен жаралат.
Энең менен тогуз ай,
Кан-жаныңа таралат.

Демек, бардык пендени,
Эркин кылып жараткан.
Себеп бардык пендени,
Тегиз сүйөт Жараткан.

Эркин коюп адамды,
Тегиз баарын сынайбы?
Оң бутуң бар, солуң бар,
Эки жакка жолуң бар.

Оролгондо кепинге,
Бул дүйнөдөн кеткенде,
Кайгырганың көп болот,
Жалынганың кеч болот.

Укпадым деп айтпагын,
Айтпадым деп айтпагын.
Саждага сал боюңду,
Тандап алгын жолуңду.

Ак - ишиңде адал иш,
Кара болсо - арам иш.
Айырмасын билгенде,
Мына ошол эркиндик.

Бир Алладан кепилдик,
Эркиндигиң диниңде.
Башка жактан издебе,
Жүрөгүңдүн ичинде.

Сага жаккан эркиндик,
Мага жаккан эркиндик.
Адамзатка эркиндик,
Бүт ааламга эркиндик.


Эркиндик, эркиндик, эркиндик...
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан