Зейнеп Шаакеева Сагынуу
00:00:00
Жүктөлгөн: 05-04-2011
00:00
2.14 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
Merischka
2011-08-10 05:00:09
Unutulguz emgeginerge taazim...emi myndaj yrlar kajra zharalaby...kim bilet.
0
uLiUs
2011-09-30 20:11:40
Merischka to6na!abdan sonun!
0
Krossmen
2012-04-18 22:21:24
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасын????????????????
+1
kubines
2012-07-30 15:49:58
бул ырлардын баркы бийик! супер инфо Болот Минжылкыев ырларын кошуп койсонор сураныч
0
men70
2012-12-17 14:13:15
Тунук булактай угулат.
0
Зейнеп Шаакеева "Сагынуу"
Сөзү : Н.Байтемировдуку
Обону : Р.Абыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп аны жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертүү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жүрөм азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан