Ибрагим Жунусов Сахна
00:05:13
Жүктөлгөн: 25-07-2011
05:13
3.6 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (32)
Aikala
2012-01-12 09:09:17
Сонун ыр экен
+1
анарбек
2012-01-19 02:47:41
ыы алгыга бешенеге буткон
0
beka8585
2012-01-28 15:13:16
четкий ырдашыптыр
0
aman80-11
2012-01-30 11:58:42
супер инфо силерге чоооон рахмат ишинерге ийгилик
0
baby
2012-02-12 22:50:52
ар кимдин озунун стили озунун угарманы бар дегендей,Ибрагим аганын уну озунчо башкача деп ойлойм.
+1
shenkez
2012-02-29 16:41:45
jakshy trio boluptur
0
2012-04-30 01:55:21
жакшы
0
ken-shkol
2012-05-19 01:19:59
соз жок! канча уксам да тажабайм! Кыргыздын бардык таланнтту адамдарын кошуп ырдалган ыр экен!3 тен професионалдуу ырчылар!
+4
AsylgulT
2012-07-05 16:28:38
абдан жакшы! минусовкасы болсо жуктоп койсонуздар?
+1
omo93
2012-08-14 23:37:36
жакшы болбодубу мен ушул ырды издеп жургон элем
0
Makaton
2012-12-06 22:05:38
Бек байке молодец!!! Дагы да жакшы ырларды чыгара бериниз...
+3
chicagogirl
2012-12-12 05:27:52
Супер экен
+4
asyl85
2013-05-11 13:25:23
эх сонун ырда
+1
Nuraxmad
2013-07-04 09:21:41
abdan jakwy
+1
peri05
2013-12-26 05:21:12
Бек байке молодец даагы ушундай ырларын жарата берсин
+1
Ибрагим Жунусов "Сахна"
Бул ыр Бек Борбиев жана Сыймык Бейшекеев менен биргеликте аткарылган
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Кызына калып ападан,
Иниге калып агадан.
Ыр деген ыйык бул өмүр,
Калыптыр Ата-бабадан.

Ырлардын учу сахнада,
Ырлардын күчү сахнада.
Ыроолойт аруу жакшылык,
Ырыскы түбү сахнада.

Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
Ырысбай, Чубак элеси.
Жаңырып төрдө тургансыйт,
Токтогулдун кербези.

Сахна, сахна, сахна,
Жан дүйнөбүз сахна,
Сүйүүбүз да сахна.
Бешенеге бүткөн,
Үйүбүз да сахна.
Арзуубуз да сахна,
Арманыбыз сахна.
Ыйык биздин,
Ырыс сахна.

Курбу, дос тыңшап көңүлдүү,
Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
Ырларын окуп тургансыйт,
Акындар Аалы, Алыкул.

Биригишип эгиз эки ак-куу,
Чолпонбек менен Айсулуу.
Айтышып төрдө жаткансыйт,
Жеңижок, Барпы айтылуу.

Серпишип мыскал үпүсү,
Соргонсуйт ырдын бүтүшү.
Сооротуп кейип тургансыйт,
Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан