Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң деле көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.
Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Абалымды сезер болсоңчу,
Кушум болуп колго консоңчу.
Көңүл үчүн кээде бир жолу,
Көз кырыңды салып койсоңчу.
Кайырма:
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң керек көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй.
Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай
Көз талдырат көркүң кундуздай
Көргөн сайын көөнүм арбалып
Адатым бар ичтен бир сызмай
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Комментарийлер (82)
suimon2010
2011-09-09 19:56:00
мага да жакты
0
Ledi5
2011-09-10 03:51:16
Askattin unu prosto SUPER!
0
arzyy
2011-12-20 10:13:24
уккулуктуу ыр экен клип да коргон адамды кайдыгер калтырбайт ырдын тексти менен кыз аябай жарашып калгандай АСКАТТЫН уну просто СУПППЕР!
0
NukeBrat
2012-01-31 19:30:56
Ыр да Клип да Суппер! Соз жок, Аскат Мусабеков красавчик!!!Кыз красавица, жигит тоже молодчик.Сонун клип! Коро албагандар ичинер орттонуп кетсин!
0
bahabala
2012-02-02 14:45:06
Раматылык Калмурат байкенин керемет обондорунун бири. анын обондорун укканда козумо жаш тегеренип кетет. дагы канчалаган керемет обондору элге тарабай журот. Аскат, колунан келсе ошонун обондорун кобуроок алып чыкканга аракет кылсан. Токтобектин багын ачкан Боогачы деген обон да Калмурат байкеники!!! Рахмат ырына.