Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Нурлан Насиптики
Кош бол эми, көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми, кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан,
Оор болсо да унутамын, жаным, өзүңдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба.
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым,
Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым.
Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү,
Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба.
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.