Кенже Дүйшеева Алма гүлү

Жүктөлгөн: 11-08-2008
04:59
75.77 Мб
Кенже Дүйшеева "Алма гүлү"
Сөзү : Ф. Асанкалый кызыныкы
Обону : А. Мамадалиевдики
Алма гүлүн ачкан кезде
Апа сизден айрылгам
Арман толо көз жаш менен
Ыйлап, ыйлап кайгыргам
Айтып бүткүс кайталангыс
Мээримиңден ажырап
Азаптардын деңизине
Чөгүп кеткем кайгымдан

Кайырма:
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың

Алма гүлүн төккөн кезде
Ата сизден айрылгам
Ак булутка жетээримде
Канатымдан кайрылгам
Аталап ай кыйкырганым
Укпай уктап жатканда
Алоолонуп, алоолонуп
Күйүп кеткем кайгымдан

Алма гүлүн ачкан сайын
Өзүңөрдү эстеймин
Асылдарым экөөңөргө
Эркелөөнү эңсеймин
Ак тилектер силер айткан
Мага ыйык аманат
Аягына чыкмайынча
Бул өмүрдөн кетпеймин
Комментарийлер (41)
тикенек
2008-12-01 19:28:40
Кенже сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! Сиздин бул ырыныз менин да бутпос арманым жонундо, жумушка келээрим менен сиздин клибинизди коруп, ырды угуп, анан жумуш кунун баштоону негедир адат кылып алдым корунот... Кудайым эч бир жанды ата-энесинен ажыратпай мандайына койсо кандай сонун болоор эле, бирок... айла жок армандуу жашоо, ажыроо, кайгыруу, ыйлоо тугонбойт корунот..... мен да атам, апамды сагындым...
0
elli
2008-12-29 19:57:06
Мага да абдан жакты кайра кайра уксам да, тажабадым. Кенже эже ИЙГИЛИК!
0
alysta
2009-01-30 23:35:09
OI JUROGUM BUL YRDY UKANSAIYN...........YRDY USHUNDAI MANILUU CHYGARSANAR JULDYZDAR
0
AeCHka
2009-02-05 11:53:38
Чынында ыры да, клиби да абдан жакшы, маанисин клипте жакшы бере алган. Бар бол Кенжеша, унуно баракелде, байыма бар бол угуучу, коруучулорунун бактысына.
0
tinatern
2009-02-25 19:02:12
Urmattu Kenje Duysheeva. Sizdin Ununuzdu baalabasam da kuchtuu energiyanizga jana jaratuuchulugunuzga,tinbay izdengen emgekchildiginizge,jokton bar kilgan erkinizge suktanamin.Siz menen suyloshkon adam konulu kotorulup, shiktanip, motivatsiyasi jogorulap kalat. Sizdi bir ubaktar jakindan taanigan elem. Sizden mindan ari jani iygilikterdi kaalaym.
0
jua
2009-04-04 14:10:25
Super XIT
0
ymyta
2009-04-18 13:49:59
Кенже эжде красавица да...
Бар болунуз,сиз менен сыймыктанабыз...
0
Майрам эже
2009-07-10 13:31:45
Азаматсын Кенже .Ырына да,унуно да соз жок.Эн сонун. Москва.
0
bugunku
2009-11-25 23:36:45
sozdorun tusunuktuu kilip irdasat da kizburaktin kizdari.... baskalarday emes
0
Kaibek
2011-05-11 09:22:00
Бул ыр чыкканына коп болсо деле дагы деле уккулуктуу.
0
dmm
2011-06-28 00:35:01
krasivaya ,silnaya jenshina!!!ploho chto ne nashelsya sredi kyrgyzkih mujchin tot kotoriy byl ee dostoen.
0
chicagogirl
2012-11-16 02:24:25
Создору сай соогунду сыздатат экен... уксам эле таятамды эстеп ыйлай берем же укпай кое албайм... уккум келе берет.
0
chicagogirl
2012-11-16 02:26:12
Кенже эжеге о соз жок торт тарабы топ келишкен айым!
0
NUR1010
2013-01-30 20:30:06
Кенже эже молодец, песня просто душу задевает, обожаю ее
0
JoldoshMantekov
2013-07-19 20:38:56
Жакшы, уну жагат, озун дагы жакшы кором))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан